SUPER.KG порталынын "Суперстан" бөлүмүндө "Ким эмне уурдап көргөн?" деген тема талкууга алынды.
Темадагы билдирүүлөрдөн:
"Бир жолу апамдын алтын шакегине кызыгып, сурабай мектепке тагынып кетип калгам. Аны катып да жүргөм. Кийин апам таап алып, кайра менин жоготпой жүргөнүмө сүйүнүп, бетимден 3-4 жолу өөп жиберген".
"Майрамда бала-бакырасы менен туугандарды чакыргам. Анан эле телефонумду таппай калдым. Сиңдимдин телефонунан чалсам гудок кетип, эч ким албайт. Ызы-чуу салгым келген жок. Түнкү 11лерде конокторду узатып жаткан элем, бир эженин кызы сумкасын мага карматып коюп дааратканага кирип кетти. Бир убакта сумкасынан телефонумдун музыкасы угулду. Таң калып ачып карасам меники. Ал кызга айтпай кайра алып алгам".
"Кичинемде агамдын үйүнө барып калдык. Анын балдарынын оюнчуктарынын ичинде дүрбү бар экен. Мага аябай жагып калып, үйгө кетерде футболкамдын ичине катып алып, "алып кетем" деп чыр салганым эсимде".
"Мен 1-классымда атамдын чөнтөгүнөн 9 рубль уурдап кеткем. Мектептин жанындагы дүкөндөн балдар менен барып ар нерселерди алып чардаганбыз. Анан 1 рубль артып калып, үйгө алып баргандан коркуп, чөптүн арасына ыргытып жибергем. Эртеси билинип калып жакшы эле токмок жегем".
"Кичинекейимде атамдын чөнтөгүнөн уурдап акча ала берчүмүн, билчү эмес".
Талкууга кошулгуңуз келсе, бул жакка кириңиз.