Жалал-Абад облустук Барпы атындагы Кыргыз драма театры Тарых жана маданият жылына карата Кыргыз Эл акыны Эрнис Турсуновдун "Жаныбек казы" аталышындагы тарыхый драмасын сахналаштырып алып чыкты. Бул тууралуу бүгүн, 4-майда SUPER.KG порталына Барпы театрынын адабий бөлүм башчысы Айгерим Дүйшө кызы билдирди.
"Тарыхый драманы көрүүгө Пакистандан Жаныбек казынын урпактары келишкен. Жогорку деңгээлде өткөрүлгөн маданий иш-чарабыз келген конокторго жакты. Драманы көрүп, жеткиликтүү аткарылгандыгына казынын урпактары ыраазычылыктарын айтышты", - деди Айгерим Дүйшө кызы.
Эскерте кетсек, Жаныбек казы Сагынбай уулу 1878-жылы 17 жашында Өзгөн аймагынын Көлдүк айылына бий болуп шайланган. Совет өкмөтүнө ак кызмат кылган адам болгон. Чагымчыл күчтөрдүн аркасы менен саясий куугунтукка алынып, эл душманы аталып, Кытайга, андан ары Пакистанга жер которуп кетүүгө мажбур болгон.