Чаткал районунун Сумсар айыл аймагынын Жунус айылында муфтияттан даават кылууга уруксат кагазы жок дааватчылар намазканадан чыгарылды. Бул тууралуу бүгүн, 4-майда SUPER.KG порталына Чаткал районунун башкы имамы Кубаныч Токонов билдирди.
"Муфтияттын даават кылууга уруксат кагазы жок даават сапарындагы Сузактан келген 9 адам бүгүн намазканадан кармалып, аймактык милиция кызматкерлери тарабынан Чаткалдан чыгарылды. Бул топ муфтиятка баш ийбейт. Ал тургай даават учурунда кийип жүрүүчү муфтият тарабынан сунушталган кийимди да кийишпейт. Жадакалса ислам дининин айрым жерлерин бурмалап жиберишет", - деп билдирди К.Токонов.
Белгилей кетсек, Чаткал районунда 9 мечит, 10 намазкана бар. Бүгүнкү күндө намазканалар документтештирилип, райондук имамдын каттоо китебине түшө элек.