Аз камсыз болгон жарандарга арналган “Эмгек ордуна азыктар” долбоору 2020-жылга чейин узартылды

Нарын облусунун Кочкор районуна караштуу Кум-Дөбө айылындагы “Эмгек ордуна азыктар” долбоору 2020-жылга чейин узартылды. Бул тууралуу бүгүн, 4-майда эмгек жана социалдык өнүктүрүү министри Кудайберген Базарбаев Кочкордогу иш сапарында айтты.

Министрликтин басма сөз кызматы кабарлагандай, аталган долбоор жакшы жыйынтыктарга ээ болду. Мисалы, алгач коомдук иштерге 220 миӊ жаран катышкан болсо, быйыл 274 миӊ адам эмгектенген. "Долбоордун алкагында аз камсыз болгон жарандар айылдагы көпүрөлөрдүн, жолдордун оӊдолушуна жардам берип, эмгек акысына ун, өсүмдүк майын алышкан. Демек, бир долбоор менен жарандар жумуш орундары менен камсыздалып, элет жеринде курулуш объектилери салынууда", - дейт министр.

Долбоорду министрлик менен Бириккен Улуттар Уюму биргеликте ишке ашырууда. Максаты - республикадагы айыл жашоосун жакырчылыктан чыгаруу.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан