СУПЕРСТАН: "Аялы күйөөсүнө баласындай мамиле жасайт, бул эң чоң катачылык"

SUPER.KG порталынын "Суперстан" бөлүмүндө "Аялдар кетирген катачылыктар" деген тема талкууга алынды.

Темадагы кызыктуу билдирүүлөрдөн:

"Аялы күйөөсүнө баласындай мамиле жасайт. Бул аялдар арасында кеңири жайылган катачылык. Күйөөңүзгө жаш баладай мамиле жасаган сайын ал өзүн жаш баладай алып жүрө баштайт. Бардык керектөөлөрүн моюнуңузга алган сайын ал ошончолук сизден көз каранды болуп калат. А көз каранды болуп калгандан кийин менден эч жакка кете албайт деп ойлосоңуз, анда жаңылышасыз. Сиздин энелик мамилеңиз алгач күйөөңүзгө жагышы мүмкүн, бирок бара-бара союздун бузулушуна алып келет. Аялдар кетирген бул катачылык сексуалдык нааразычылыктын чыгышынын бирден-бир себеби. Сиздин мамилеңизден улам күйөөңүз сизди энесиндей сезе баштайт. Анан кайсы эркек энеси менен бир төшөктө жатууну кааласын?"

"Аялдын эркекке баш ийүүсү кадимки көрүнүш. Бул жерде сыйлоо менен баш ийүүнү ажырата билүүгө тийишпиз. Күйөөңүздүн сынынан коркуп жашаганыңыз - бул аны сыйлаганыңыз эмес. Анын сизге үнүн бийик көтөрүп буйрук бергенине жол берүү менен сиз өзүңүздүн сыйыңызды жоготуп жатасыз. Мунун баарына аялдар өздөрү күнөөлүү. Эмне үчүн? Сизди жаман сөздөр менен урушуп, кыйкырган күйөөңүздөн кайра өзүңүз кечирим сурап, бетинен өбөсүз. Мындан эркек "Менин менчигим, ошондуктан каалагандай калчайм. Мен эмне кылсам да ал эч нерсе дей албайт, анткени мени сүйөт" деген жыйынтыкка келет".

"Катасыз жашаш кыйын. Аялдар күйөөсүнө кандай мамиле кылганды өздөрү билишет. Антип каталарын айта берсең, ката кетирбей койсо, эркектердин жашоосу кандай болор экен?"

"Туура, бирок кээ бир катачылыктар пайда алып келет. Европалыктардын аялы менен күйөөсү бири-бирине ачык мамиледе болуусу керек дегенин колдонгондон бери жашоом оңолду. Мага жакпаган көрүнүш болобу, же мага жаккан адам болобу, тартынбай айта берем. Бир эле жолдошума эмес, кайын журтума деле. Жыйынтыгы жакшы".

Талкууга кошулгуңуз келсе, бул жакка кириңиз.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан