Ош шаарындагы Ататүрк атындагы сейил багында машыгууга шарт түзүлдү

Ош шаарындагы Ататүрк атындагы сейил багында спорт менен машыгуу үчүн шарт түзүлдү. Сейил бакта спорттук шаймандар орнотулду. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматы кабарлады.

Маалыматка ылайык, вице-мэр шаймандарды кечээ, 4-майда көрүп чыгып, бул элди дени сак жашоого чакыруу максатында орнотулганын белгиледи. Жалпысынан 10 шайман орнотулду. Бул Түркия Республикасынын Кыргыз Республикасындагы элчилигинин колдоосу астында ишке ашырылды.

Кошумчалай кетсек, Мустафа Кемаль Ататүрктүн атын алган сейил багы өткөн жылы 31-августта ишке киргизилген. Аянты 15 миң чарчы метрди түзөт.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
X-peria
2016-05-05 12:22:11
Ош шаарында юго восток районундагы скверди менчиктештирип коп кабаттуу уйлорду салып алгандарга чара корулсо жакшы болмок.
0
ajo81
2016-05-05 12:32:50
X-peria,Сөзүңдө жан бар шерик. Юго-Востокто балдар ойноочу, эс алуучу жай жок. Ак-Бууранын жээктерин да бүтүндөй тосуп алышкан. Жеңиш багында тепкедей жер калды анысыда саунанын жанында. ХБКдагы скверди да сонун жасашыптыр.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан