Ырдын мазмуну терең, сюжети кызыктуу клиптердин катарына Венера Назаралиеванын "Өкүнүч" ырынын клибин кошууга болот. Клиптин режиссёр-оператору - Съездбек Жолдошбаев. Клипти Оштун Алай тоосунан тартып, кызыктуу окуяларга туш болгонун ырчы айтып берди.
"Клиптеги менин ырдаган жеримди атайын Алайга барып, тоонун чокусуна чыгып, шаркыратманын жанынан тартканбыз. Ошол күнү жамгыр жаап, кийимдерим суу болуп, бетимдеги косметикам улам жуулуп кетет. Тартуу учурунда кадрга үшүгөнүмдөн калчылдап ырдап жатканым түшүп калат, оператор кайрадан дубль жасатат. Анан дагы көйнөгүм тоодогу тикенектерге илинип, айрылып калган. Съездбек көйнөктүн жыртылган жерлерин жашырып тарткан эле. Съёмка бүткөндөн кийин бир топ убакыт ооруп жаткам", - дейт Венера Назаралиева.
"Ɵкүнөм" ырынын клибин бул жактан көрүңүз.