Казакстан Кыргыз Республикасынан картошка киргизүүгө убактылуу тыюу салды

Казакстандын Айыл чарба министрлиги 4-майдан тарта Кыргыз Республикасынан картошка алууну убактылуу токтотту. Бул тууралуу казакстандык басылмалар билдиришти.

Маалыматтарга ылайык, акыркы убактарда Казакстанга кыргыз жеринен илдетке чалдыккан (нематода) картошка киргизилип жатканы байкалган. "Ушул жылдын январь айынан тарта уулануу боюнча 79 факт катталган. Казак тарап Евразиялык экономикалык биримдик тууралуу келишимдин жоболоруна ылайык жана Карантин жана өсүмдүктөрдү коргоо боюнча эл аралык конвенцияга таянуу менен 4-майдан тарта кыргыз өлкөсүнөн картошка алууга тыюу салган. Мындан улам кыргыз жергесине аталган продукциянын миңден ашуун тоннасы кайтарылган.

Карантинге алынган продукциянын киргизилишинен анын массалык түрдө жайылышы мүмкүн экенин эске алып, казак өкмөтү кыргыз тарапка тийиштүү чараларды кабыл алуу боюнча кайрылуу жолдогон. Бирок ушул мезгилге чейин кыргыз тараптан чаралардын көрүлүшү тууралуу эч кандай маалымат келген жок", - деп жазышат казакстандык басылмалар.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
alas
2016-05-06 11:55:42
Биздикилердин аларды текшергенге убакты жок креслолорун талашып журушот ал картошкага эмес дажы оз элине конул бурбагандан кийин,Казак тургандар капа болобой койсо деле болот
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан