SUPER.KG порталынын "Суперстан" бөлүмүндө "Аялдар кетирген катачылыктар" деген тема талкууга алынды.
Темадагы билдирүүлөрдөн:
"Сынык жерге микроб кирип, ошол жерден көбөйө берет. Сынык жердин ичин жууй албайсың да. Химикаттардын калдыктары да топтолуп калат. Ар тамак ичкен сайын ошончо микробду кошо ичесиң".
"Сынык идишти колдонбогонго аракет кылам. Сынык идиште тамак ичүү, угушумча, рак оорусунун келип чыгышына себепчи болот".
"Бактысыз болуп калат" деп көп уккам".
"Сынык идиштен ичсе кедей болуп калат" деп айтып калышчу, ошол себептүү мен да колдонбойм".
"Сынык идиш бактысыз кылат" деген бекер кеп. Ичкен адам зыян тартып калышы мүмкүн, эрдин же колун тилип. Конокко да азыр жетиштүү заманда сынык идишке тамак узатуу уят".
"Сынык идишти колдонгонго болбойт" дегени чындык. Ата-бабаларыбыз да ар кандай ырым-жырымды айтып келген. Так далил: идиштин сыныгында микробдор көбөйүп кетет, анткени сынганда же жарака пайда болгондо коргоп турган катмары бузулуп калат".
"Менде да ошондой түшүнүк бар, "сынык идиш колдонсо, жашоосу сынык болот" деген. Колдонбойм, кичине жери сынса эле дароо ыргытам".
Талкууга кошулгуңуз келсе, бул жакка кириңиз.