SUPER.KG порталынын "Суперстан" бөлүмүндө "Спортко берилген кыздарга көз караш кандай?" деген тема талкууга алынды.
Темадагы билдирүүлөрдөн:
"Аял кишиге күчтүн ордуна акыл берсин. Мушташып рингге чыккандан көрө спортчу уулдарды төрөп, тарбиялап-өстүрсүн. Кыз кишиге залда машыгуунун кенедей да зарылчылыгы жок".
"Төрөш үчүн ден соолук керек да. Кыймыл-аракетиң жок, "бул жагым ооруп жатат, тиги жагым ооруп жатат" деп отура беришиң керекпи? Кыймылдасаң дениң сак болот".
"Менимче, спорт жалгыз эле күчтүү болууга эмес, чыдамкай болууга, кыйынчылыктарды жеңе билүүгө, тактыкка үйрөтөт. Сөзсүз эле урушуп, мушташып, күрөшүп эмес, башка түрлөрү деле бар го. Спорт, тескерисинче, адамды чыйрак кылат".
"Өзүн өзү коргоо үчүн машыкса болот, бирок урушка түшөм десе болбойт. Кийин төрөбөй калышы да мүмкүн. Аялзаты назик, бирок өтө мыкаачы болот".
"Кээ бир кыздардын булчуң чыгарып, эркектерче жүрүшкөнү көзгө өөн учурайт. Кыз деген назик болушу керек го".
Талкууга кошулгуңуз келсе, бул жакка кириңиз.