МЕДИА-ПОРТАЛ: “Асылым” клибин тартып жатканда сууда жылан бар экенин мага айтпай коюшуптур” дейт Сайкал Садыбакасова

Өзүнүн романтикалуу сюжети менен көрүүчүлөрдүн көңүлүн бурган Сайкал Садыбакасованын “Асылым” клиби "Медиа-портал" бөлүмүнө жүктөлдү. Ырчы клиптеги идеяны ишке ашыруу үчүн суу кечип, даракка чыккан жоруктары менен бөлүштү.

“Клип 2015-жылы Бишкектин чет жагында тартылган. Дарактагы селкинчекти өзүбүз суу кечип, дарактын үстүнө чыгып жатып араң жасаганбыз. Тартуу учурунда селкинчекке отуруу үчүн сууну коркуп кечкем, анткени жылан чыга калчудай сезим болгон. Көрсө, режиссёр чындап эле суудан жылан көрүптүр. Аны мага айтпай клип тартууну уланта берген экен. Съёмка бүткөндөн кийин оператор жылан тууралуу айтып бергенде, аябай жиним келген”, - дейт Сайкал Садыбакасова.

“Асылым” ырынын клибин бул жактан көрүңүз.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
Fatima2016
2016-05-06 17:29:01
жакшы Кудай сактаптыр аман бол бактылуу бол.
0
Aidowi
2016-05-08 20:22:27
Fatima2016,Суу жылан чакпайт.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан