ЖЫЛНААМА, 6-МАЙ: "Барселона" футболдук клубунун жана Бразилия курамасынын коргоочусу Даниэл Алвес 33 жашка толду

1983-жылы 6-майда атактуу бразилиялык футболчу, учурда Испаниянын "Барселона" футболдук клубунда ойноп жаткан Даниэл Алвес төрөлгөн. Баия штатында жарыкка келген футболчу "Жуазейру" футболдук клубунда тарбияланган.

Оң капталда ойногон коргоочу профессионалдык карьерасында "Баия" (Бразилия), "Севилья" (Испания), "Барселона" (Испания) сыяктуу футболдук клубдарда ойногон. 5 ирет Испания чемпиондугун, 3 ирет Чемпиондор Лигасын уткан.

Бразилиянын улуттук курамасынын катарына 2006-жылы чакырылып, ушул күнгө чейин негизги оюнчулардын катарын толуктап келет. Бразилия курамасы менен 55 ирет майданга чыгып, 6 гол жараткан. 2009-жылы жана 2013-жылы Конфедерация кубогун уткан. 2007-жылы Америка кубогунда жеңүүчү аталган.

6-майдын жылнаамасы.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
tatu.
2016-05-06 11:49:46
Tuulgan kunun menen Dani!!!
0
poping.dance
2016-05-06 13:39:34
Барселона клубу бугун майрам кылат экенда э
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан