СУПЕРСТАН: "Мен 7 аял алам, буюрса. Жетөөнөн жетиден балалуу болсом - 49"

SUPER.KG порталынын "Суперстан" бөлүмүндө "2-3 аял алганга кандай карайсыңар, туугандар?" деген тема талкууга алынууда.

Автор: "Азыркы күндө бойдок кыздар, жалгыз бой аялдар көбөйүп кетти. Канчалаган кыздарыбыз кытай, корей сыяктуу дини башкаларга тийип, кээ бири денесин сатып сойкулук кылып жатышат. Ушуларды 2-3-аял кылып алсак кыргыздардын саны көбөйүп, кыргыз аялзатынын маселелери чечилет беле?.."- деп суроо салган.

Темадагы жооптордон:

"Колуңдан келсе ал, 2-3тү бага алсаң, шарият деле жол берет. Канчалаган кыздар кара далы болуп эрсиз жүрүшөт..."

"Аялга өзүнүн күйөөсүн башка аял менен бөлүшүү өтө кыйын".

"Мен 7 аял алам, буюрса. Жетөөнөн жетиден балалуу болсом - 49".

"Айымдар ушунчалык өзүмчүл келебиз, жадакалса күйөөбүздү эч кимге бергибиз келбейт. Чын эле эмнеге беребиз, ал биздин жаныбыздын жарымы болсо? Мен эч кимге бергим келбейт. Эки-үч аялды бага алмак турсун, "экөөң биригип мени бак" деген мырзаларыбыз бар".

"Элестете бергиле, силердин атаңар бир күн сенин үйүңдө, экинчи күнү экинчи аялынын үйүндө, үчүнчү күнү үчүнчү аялынын үйүндө. Ушундай жакса үйлөнө бергиле".

"Аялды ажырашуу үчүн эмес, бактылуу жашаш үчүн, бактылуу кылыш үчүн алыш керек".

Талкууга кошулгуңуз келсе, бул жакка кириңиз.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (21)
munduz2016
2016-05-06 13:02:53
Ушул системада КР да жалгыз башын бага албай жургондор да табылат,уй-булосун эмес.Эми эки аялды 4 тон баласы менен багуу да копчулук эркектерге кыйын.
+6
metropolis
2016-05-06 13:22:26
Иииий куйдургулор биринчи бизди нормально багып алгылачы ....анан суйлошобуз .....суйлойт десенерле суйлой бересинерби додуроп...
+8
Shat.88
2016-05-06 15:09:48
metropolis,туптуура айттыныз
+1
Inna_91
2016-05-06 13:43:01
Эрге очиретке турганча сууга очиретке турган жакшы
+6
Rednalf
2016-05-06 14:02:43
Силер тийбесенер тие турган табылат да эл журт коп эмеспи.Силерди эч ким экинчи аял бол дей элек азырынча.Экинчи аялы эмес биринчиси да жок калбагыла.
-1
lolo.1
2016-05-06 15:07:57
Теманы баштап чыккан автор гарантиян барбы аял ала берсен ар биринен 7ден бала боло беришине???
+3
Shat.88
2016-05-06 15:08:01
Кыргыздын эркектери!! Алынарга карап иш кылгылачы, бироону жакшы карап багып, конулун алгалачы бай болгурлар, дуйнодо адам саны кыскарып кетсе да, аял, наристе деген оюнчук эмес силерге!
+3
leonar
2016-05-06 15:13:10
2-3 аял кылып алып албайлыбы деп тим эле, ошол сен айткан башка улутка тийген кыздар, кара далы,сойку ж.б.сага тиет бекен де. Тандап жургону учун ошондой болушат андай кыздар кобунчо, 2 аялга тем более, не мечтай
+3
asylbekova
2016-05-06 15:46:14
leonar эмнеге андай дейсиз башка улутка тийгендин баары эле сойку кара далы эмеско анан калса эркектерибиз деле башка улуттун кыздарына уйлонуп жаткандар деле бар анда эмне аларды кыргыз кыздар карабай койгондорбу э. А тема боюнча мен эч качан макул болбойм кундоштуу болгонго.
-2
takw23
2016-05-06 15:52:05
азыркы заманда байлыгын болсо болду канча аял алсанда кату кетсем кечирип койгула азыр коп эле кыз келиндер бакытан мурда байлык деп калган
+2
bolotbai4
2016-05-06 17:31:13
2030-жылга чейин мажбурлап 2,3тон аял алдыруу керек.Ошондо Кыргыздын саны кобойот.Мажбурлап камсыздандыруу кылып жатат го ошол сыяктуу.Болбосо биз Кыргыздар куру намыс кылып,эки уч аял алса эл эмне дей деп тартынып журо беребиз.
-1
http
2016-05-06 17:53:15
bolotbai4,
кабартырланбаныз уже деген айымдар менен мырзалардын саны бирдей болуп калган статистика боюнча. болгону кыздар оздорунон кичуулорго турмушка чыга турган болуп калат акыркы жылдар эркек наристелер коп торолгонуно байланыштуу. сиз айткан 2030 эмес 2020 жылдагылар ошондой болуп калат..
0
aidai88
2016-05-06 18:11:05
2 чини эмес,жалгыз биринчинерди эле конул койуп,жакшы созунорду арнап койгула алар не силерден байлык сурап жатабы? А башка улуттун кыздарына уйлонуп,турмугка чыгып жаткандарга келсек алар махабаттын,байлыктын кулу болгондор же келечегин ошол адамдан коруп жатат.Кыз болуп жаралган сон неге жигитке турмушка чыкпай отуп кетиши керек,киши менен баш кошуп? Каршымын!!!
А мен кундоштуу болгонго каршымын.
0
MinuTolik
2016-05-06 19:30:01
Коп Аял алгандан башка толтура проблемалар туратго олкобуздо жигиттер!
+1
Medina87
2016-05-06 22:27:10
Комменттер эркекпи аялбы чын журоктон экен.
0
samidinova84
2016-05-07 02:27:34
Мен,куйоомду эч ким менен болушкум келбееейййт.Каяктагыны айтбагылаааа.
0
nargis
2016-05-07 07:44:36
1аялды бактылуу кылсан 1000рахмат 5аялды баарын балдары менен бактылуу кылсан 5000рахмат,аялым таап келет келбесе башкага уйлоном дегендерге 1000000 наалат айтаар элем.
-1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан