Премьер-министр Сооронбай Жээнбеков Аксыга келсе, жөлөк пулдун кыскарышына нааразы болгон жүздөгөн адамдар жолун тосуп чыгып, арыз-муңдарын айтууну пландаштырып жатышат. Бул тууралуу бүгүн, 6-майда SUPER.KG порталына Кара-Суу айылдык кеңешинин депутаты Тилеген Керимкулов билдирди.
"Премьер-министр Сооронбай Жээнбеков Аксыга келсе, жүздөгөн адамдар жолун тосуп чыгып,
жөлөк пулдун кыскарышына нааразылыгын билдирүүнү көздөп жатышат. Анткени Жүзүмжан, Көпүрө-Башы айылдарынан 200гө жакын жаш үй-бүлөлөрдүн жөлөк пулдарын Аксы райондук социалдык коргоо бөлүмүнүн адистери атайын сапардын жүрүшүндө кыскартып салышкан. Ансыз да Кара-Суу эли кыйын турмушта жашап жатат. Жөлөк пулдун кыскартылган тизмесинде 3-май күнү селден жабыр тарткандар да бар", - дейт Тилеген Керимкулов.
Белгилей кетсек, буга чейин Жалал-Абад облусундагы Аксы районунун Жаңы-Жол, Кара-Жыгач айыл аймактарында жана Кербен шаарында элдик жыйын жана митингдер өткөрүлүп, жөлөк пулду кыскартпоо боюнча талаптар коюлган. "Эгер талаптар аткарылбаса, 20-майда кайрадан митингге чыгабыз" деген чечим Жаңы-Жол айылында өткөн элдик жыйында чыгарылып, Жогорку Кеңештин депутаттарына кайрылуу жиберишкен.