Бишкектеги Боордоштор көрүстөнүндө согушта жаракат алган 300гө чукул жоокердин сөөгү көмүлгөн

Бүгүн, 6-майда Бишкектеги Боордоштор көрүстөнүндө Улуу Ата Мекендик согуштагы Жеңиштин 71 жылдыгына карата митинг-реквием орун алды. Шаар мэри Албек Ибраимов өз сөзүндө бул жайга согушта алган жаракаттарынан улам каза тапкан 248 жоокердин сөөгү коюлганын белгиледи.

Алардын катарында кыргыздын гана уулдары эмес, орус, украин, казак жана башка улуттун өкүлдөрү да болгон. Мэриядан кабарлашкандай, иш-чарага шаар мэринен тышкары Орусия Федерациясынын Кыргыз Республикасындагы элчиси Андрей Крутько, Беларустун Кыргыз Республикасындагы элчиси Виктор Денисенко, Казакстандын кыргыз жериндеги элчиси Айымдос Бозжигитов, Биринчи Май райондук администрациясынын башчысы Аскербек Алиев, согуштун ардагерлери жана башкалар катышты.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (4)
B.GULNARA
2016-05-06 14:41:48
Урматтуу супер инфо, теманы: согушта 'жаракат' алган, дебей 'курман' болгон десенер болмок экен.
0
admin_portal
2016-05-06 14:56:06
B.GULNARA, саламатсызбы!
Бул жайга согушта алган жаракаттарынан улам каза тапкандар коюлгандыктан, тема ушундай аталган.
0
B.GULNARA
2016-05-06 15:58:45
тушунуктуу рахмат
0
admin_portal
2016-05-06 16:01:33
murat_12, жеке билдирүүнү купуя менен жөнөтүңүз!
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан