Бишкектин Токомбаев (Түштүк магистраль) менен Абдрахманов көчөлөрүнүн кесилишинде батыш тараптан солго бурулууга тыюу салынды. Бул тууралуу 6-майда Бишкек шаардык мэриясынын басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, Токомбаев көчөсүнөн Абдрахманов көчөсүнө солго бурулууга түндүк жана түштүк багыттан да тыюу салынат.
Муну менен катар Исанов, Киев көчөлөрүнөн баштап Токтогулга чейинки бөлүгүндө оңдоо иштери жүрүп жатканына байланыштуу Чүй кең көчөсүнөн Исанов көчөсүнө убактылуу солго бурулууга тыюу салган жол белгиси орнотулган.