Японияда жүздөгөн адамдар күндүн ысыгынан жабыркап ооруканага кайрылышты. Бул тууралуу Япониянын Өрт коопсуздугу боюнча башкармалыгына шилтеме берүү менен маалымдашты.
Маалыматка ылайык, учурда 6 кишинин абалы оор экени такталган. Алар ооруканага он күндөн ашуун убакыт жатып дарылануусу зарыл экени айтылууда. Японияда апрель-май айларындагы ысыктан жабыркаган 181 адам ооруканага кайрылып, 1 киши көз жумган. Жабыр тарткандардын көпчүлүгү 65 жаштан өткөн адамдар. Мындай маалыматты өлкөнүн Өрт коопсуздугу боюнча башкармалыгы айтып чыкты.
Быйылкы жылы аптаптан жабыркагандар боюнча биринчи ирет статистикалык маалымат жарыяланып жатат. Бул башкармалык жыл сайын күн нурунан жабыркагандар жана көз жумгандар тууралуу расмий кабар таратып турат.
Япониянын Токио, Осака шаарларында абанын температурасы +39 градусту көрсөтүп турган. Мындай абал бир нече күнгө созулган. Маалыматка ылайык, Японияда жай айларында күндүн орточо жылуулугу +25... +30 градус деп белгиленет.
2015-жылы ысыктан 105 киши каза болуп, 55 миңден ашуун адам жабыркаган.