SUPER.KG порталынын "Суперстан" бөлүмүндө "Эгерде сиз президент болсоңуз..." деген тема талкууга алынды.
Темадагы билдирүүлөрдөн:
"Мен президент болсом, жерди иштеткенге бүт мүмкүнчүлүктү түзүп бермекмин, ооруканаларды бейтаптарга ыңгайлуу жана сапаттуу кылганга аракет жасап, ар бир мектепти жана мал чарбачылыкты өнүктүрмөкмүн".
"Паспорт режимин 1 жылга узартып, ички көзөмөлдү бекемдейт элем жана төрөлгөн бардык балдарга улутуна карабай кыргыз деп күбөлүк бермекмин. Эгерде башкаларга окшоп көзүмдү май баспаса аткармакмын".
"Эгер мен президент болсом, өлкөбүз баягы эле эски көйнөгүн киймек, себеби мурунку президенттердей эле менин туугандарым, Кудайдын кулагы сүйүнсүн, толтура. Анан да президент болгондон кийин жердешиң, тууганың бул жакта эле калат, кыргыздардын баары жети атаңа жеткенде тууган болуп чыга келет. Анан да "Сынган кылычтагы" Шералыныкындай эски чокоюн илип койсо да аздык кылат".
"Мен президент болуп калсам 50 пайыз жесем, 50 пайызын элге иштеп бермекмин. Анын эмнеси бар, азыркы аткаминерлер 90 пайызын жеп, 10 пайызын элге беришет".
Талкууга кошулгуңуз келсе, бул жакка кириңиз.