Бишкекте Тарых жана маданият жылынын алкагында балдардын XIV Эл аралык тил жана маданият фестивалы Бишкектеги Кожомкул атындагы Спорт Ордосунда өтүп, ага 140 мамлекеттин окуучулары катышууда. Бул тууралуу бүгүн, 6-майда "Себат" билим берүү мекемесинен билдиришти.
Иш-чарага Филиппин, Мозамбик, Бангладеш, Ооганстан, Орусия, Украина, Индия, Түштүк Африка, Казакстан, Азербайжандан келген окуучулар катышып, өнөрлөрүн тартуулашат. Балдардын XIV Эл аралык фестивалы быйылкы Тил жана маданият жылына карата уюштурулган. 2-майда башталган эл аралык саамалык 8-майда аяктайт.
Аталган иш-чаранын максаты - дүйнө жүзүндөгү элдердин ортосундагы достук жана бир туугандык мамилелердин бекемделишине өбөлгө түзүү.