SUPER.KG порталынын "Элдик видео" бөлүмүнө “Түкүрбө! Кызы атасын уят кылды” аттуу видео жүктөлдү (ник: Gupa).
Коомдук жайларда же эл чогулган жерде түкүрүү - маданиятсыздыктын белгиси, бирок азыркы кезде өлкөбүздө эч нерсеге карабай түкүрүнө берүү кадимки көрүнүшкө айланган. "Балапан уядан эмнени көрсө, учканды ошону алат" дегендей, балдар да ата-энеси эмне кылса, ошолордун кылгандарын кайталашат. Кезектеги видеодон кичинекей кыз түкүрүнгөн атасына "мени бакчадан алып кетип жатканда дайыма түкүрүнөсүз, мен уялып жатам" дегени атасына катуу таасир этет. Тарбиялык мааниге ээ видеодон өзүңүзгө пайдалуу, таасирлүү маалымат алсаңыз болот.
Видеону көрүү үчүн шилтеме.