МЕДИА-ПОРТАЛ: “Кыргыз пейили” клибинде ат колумдан чөп жебей кача берген" дейт Салима Балтаева

"Медиа-портал" бөлүмүндөгү көрүүчүлөрдү мекенчилдикке үндөгөн, кыргыздын ыры менен комузун даӊазалаган клиптердин бири - Салима Балтаеванын "Кыргыз пейили" ырынын клиби. Терең маанини камтыган ырдын клибинде кыргыз жеринин кооздугу көрсөтүлгөн. "Бул ырдын чыкканына көп жыл болсо дагы, жүрөгүмө жакын эмгектеримдин бири", - дейт Салима Балтаева.

“Клипке көп деле каражат кеткен эмес. Аны атайын тоого чыгып, аттарды кармап тартканбыз. Мен аттардан коркпойм, тескерисинче, аларды минип жыргагам. Бирок клиптеги атка чөп берип жаткан кадрды алыш үчүн 2-3 саат кыйналып тартканбыз, анткени камерадан ат улам үркүп качып кетип калат же мен берген чөптү жебей коёт. Айтор, аябай мээнет менен клип үчүн бир кадрды араӊ кармап калганбыз. Жалпысынан ошол күнү тоодо клип да тартып, көңүлдүү эс алып да келгенбиз”.

“Кыргыз пейили” ырынын клибин бул жактан көрүңүз.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан