"Кинозал" бөлүмүндөгү кыска метраждуу тасмалардын бири - "Бумеранг" тасмасы, режиссёру - Дильназ Темирбекова. Анда Эрлан Базаркулов, Алим Токторов, Умсунай Мусаева сыяктуу актёр-актрисалар роль жаратышкан.
Режиссёр, актёр Алим Токторов тасма тууралуу мындай дейт: "Бумеранг" кыска метраждуу тасмасы Дильназ Темирбекованын дипломдук иши экен. Дильназ мага көптөн бери телефон аркылуу байланышып, "мастер-класс өткөрсөңүз катышмакмын, менин да режиссёр болгум келет" деп жүрчү. Бир күнү "тасмама тартылып бериңиз" деп чакырды. Андыктан атайын бир күндүк убактымды бөлүп, барып тартылып келгем. Албетте, алгачкы режиссёрдук эмгек болуп жаткандан кийин кемчиликтери да болот. Бул тасмада бирөөгө кандай жакшылык же жамандык кылсак, баары өзүбүзгө көп эсе болуп кайтып келери айтылат".