СУПЕРСТАН: "Кайненем менин себимди болочок абысыныма берем дейт..."

SUPER.KG порталынын "Суперстан" бөлүмүндө "Кайненем менин себимди болочок абысыныма берем дейт..." деген тема талкууга алынууда.

Автор темада кеңеш сурап кайрылган: "Келин болгонума жарым жылдан ашты. Күйөөмдүн жумушуна байланыштуу шаарда турабыз. Кайним жакында үйлөнгөнү жатат. Мага берилген сеп жаңы боюнча турат. Кайненем аларга "Сеп бербей эле койгула, былтыр алган келинибиздин себи ошол бойдон турат. Ошонун үстүнө киргизип коёбуз, жашай беришет" дейт. Мен деле кырк жыл өтсө да "атамдын алып берген буюму" деп сактагым, "апамдын колу тийген төшөктөр" деп төрүмө жыйгым келет. Муну кантип айтсам?"

Авторго жазылган жооптордон:

"Кайненеңизге "анын менин буюмдарыма тийишкенге акысы жок" деп айтыңыз да. Мүмкүн, кайненеңиз сиздин жооштугуңуздан пайдаланып жаткандыр же калың бергиси келбей сиздикин бөлүшкүсү келгендир".

"Эгерде кайненеңизге бул тууралуу ооз ачкыдай болсоңуз, баары бир пикир келишпестик келип чыгат. Менин эжемдин себиндеги 4 көрпөсүн кайненеси "кийин жасап берем" деп кызынын себине кошуп берип жиберген экен, кайдан, 10 жыл өтсө деле кабар жок. Учурунда уруш чыкпасын деп унчукпай койгон экен. Ошол сыңары, унчукпасаңыз оозуңуздагы ашты да алдырып коёсуз азыркы заманда".

"Таенемдин үйүндө беш жеңемдин себи жыйылып турат. Үйдө канча бөлмө болсо, ошонун ар биринде бирден жеңемдин буюмдары. Бири Орусияда, бири Бишкекте дегендей. Үйдө эң кичүү жеңем бар. Төшөктөрдү колдонбой, кээде чычкан деле жеп коёт. Андан көрө колдонулуп турганы жакшы эмеспи".

"Шыпка чейин тирелип жыйылып, айлап-жылдап колдонулбай турган төшөктөрдүн кимге кереги бар? Көргөзмөгө койгонсуп... Анан да анын баарын күн алыс сыртка алып чыгып күнгө жайып, кагып-силкип турбасаң күбө түшүп, чирип жок болот".

Талкууга кошулгуңуз келсе, бул жакка кириңиз.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (7)
nargis
2016-05-09 12:34:18
Эгер ушунчалык кайгырсан колундан келсе куйоон менен суйлошуп алып чыгып кет .Кайненин уйундо болсо ал озу билет да албетте.
+9
aidai88
2016-05-09 15:33:04
Менин дагы авсынымдымды ошентип алабыз дегенде мен гыжаалат болгонмун.Бирок келин тарап калын бересинер деп бир аз сеп берген.Ошондой болсода менин себим кенири болгон учун той топурда,уйго конок келсе менин идиш аягымлан бери эфирде кызмат кылат.Макул канчалык коп адам иштетсе ошончолук сообу тиет жасап берген ата-энеме жана бир туугандарыма.Эн негизгиси абсынымдын менин жууркандарыма жатпаганы мен учун.Эгерде менин буюмдарыма жаьмак болгондо созду жатыгы менен тушундурмокмун.
0
aidai88
2016-05-09 15:37:36
Эртеге озум жаны уйго чыкканда жаны буюм колдонгум келет жаркылдатып,бир туугандарым мээнети кеткен,апамдын колу тийген атамдын белеги деп омур бою колдонгум келет бир чырпык болсо да.Макул чан басып колдонбой турсада,эч кимге бергим келбейт.Ордуна 10 буюм алып берседа апамдын колу тийбеген сон не кереги бар?Апам бергенди иштетип салышты деп бир омур арманда бук болуп жургончо башынан эле чечишип алганым жакшы.Жанымды берсем беремин апамдын белегин эч кимге бербеймин.
+3
Aidowi
2016-05-09 15:48:32
aidai88,туура
0
krem
2016-05-09 17:32:38
эн туура меникин да баса калышкан 3 4 торт корпону астыма салып жатып алсам не баарын саласын деп урушчу кайнене болбосо 4000мин эне сут берген кулку келерлик а апам бечара нелерди гана бербеди кайната экоо тошокторумо жатып алышат уят дедим бир жолу не биздин касалибиз жугат беле дейт апам бергенине ичим куйот чындап ичимен эхх жоолуктардан бери алып койду кийин кызы куйоого тийди эле кудаасы жоолуктарын алып кетип калыптыр 1ге 1деп кала бердим
0
Tamar
2016-05-10 02:31:58
Менин апам 60 жашка чыгат келин болгонуна 40жыл болсо да себи ошол бойунча турат.копчулук болгон кезде колдонобуз.Апам учун кадырлуу буюм.Ошондуктан озундо эле болгону жакшы го деп ойлойм.
0
sezima93
2016-05-10 13:34:44
Мени дагы кайненем ошентип урушат болчу не торт кабат саласын деп кийин ажырашканда бир жууркан чыны чайнек тарелка жаны койнокторумдон бери алып калыптыр унчукканым жок
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан