СУПЕРСТАН: "Кыздар, келбеттүү болгуңар келсе, өзүңөргө жакшы карап, тамакты аз жегиле"

SUPER.KG порталынын "Суперстан" бөлүмүндө "Кандай көнүгүүлөрдү жасоо менен келбетибизди идеалдуу кылабыз?" деген тема талкууга алынууда.

Темадагы билдирүүлөрдөн:

"Күчтүү тамак жеш керек. Эч кандай допинги жок эле машыкса болот. Допинг убактылуу нерсе".

"Алгач салмак топтоо керек. Атайын булчуңга иштөөчү жабдыктары бар машыгуучу жайга барсаңыз, ал жердеги устаттар кайсы булчуңга кандай иштөө керек экенин көрсөтүп беришет".

"Кыздар, келбеттүү болгуңар келсе, өзүңөргө жакшы карап, тамакты аз жегиле. А жигиттер, көп-көп тамак жеп, кара жумушту көп кылсаңар, чымыр денелүү боло аласыңар".

"Качка" берип келбетти идеалдуу кылуудан мурда ошол убакытты спорттун кайсы бир түрүнө жумшап, жок дегенде 4-5 ыкма үйрөнүп алууну сунуштайм. "Качка" же булчуңдарды чыгаруу өзүн өзү коргоого жардам бербейт. Спорт менен алектенүүнүн максаты - бирөөнү таякташ эмес, өзүн коргоо, таймаштарга түшүп өзүн сыноо. "Качокторду" бир эле ыкма менен "уктатып" койсо болот".

"Кыздар көбүнчө көнүгүү жасай алышпайт, жасаса да аз эле убакытка. Ошон үчүн кыздарга кеңешим, тамак жегенди көбөйткүлө, пресс кылгыла".

"Кыздар планкага турсаңар, келбетиңер силер ойлогондой болот".

Талкууга кошулгуңуз келсе, бул жакка кириңиз.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (4)
egemberdievagulbara
2016-05-08 17:47:08
менин фигурам озуеле чоткий
-2
zhykyo
2016-05-08 18:25:13
Жейбергиле эчтеке болбойт
+3
nargis
2016-05-08 19:41:39
Жашында баарылле супсулуу болот андан коро коп жеп коп кыймылдаш керек,ошондо кучтуу келин болосун,бала тороп
+1
Samaganova
2016-05-09 04:01:49
Совет мамы дочке:
"Доча,чтобы стать счастливой и красивой
Просто нужно во время закрыть рот."
-1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан