"We’ll be" бий тобу хип-хоп жанрындагы бий боюнча Дүйнө чемпиондугуна катышат. Бул тууралуу бий тобунун өкүлдөрү кабарлашты.
Маалыматка ылайык, Дүйнө чемпиондугу август айында АКШнын Лас-Вегас шаарында орун алат. 2002-жылдан тарта уюштурулуп келген сынакка буга чейин Борбордук Азиядан бир дагы бийчи же бий тобу катышкан эмес.
Апрель айында өткөн тандоо турунда кийинки баскычка ийгиликтүү өткөн бий тобу учурда сынакка катышып келүү үчүн каражат издеп жатат. Топтун АКШга барып келүүсүнө жалпысынан 30 миң доллардын тегерегинде каражат керектелет.