Атактуу балбан, грек-рим күрөшү боюнча бир катар мелдештердин жеңүүчүсү Раатбек Санатбаев 1969-жылы 7-майда Ош шаарында туулган. 1991-жылы Кыргыз мамлекеттик дене тарбия институтун, 2000-жылы Кыргыз мамлекеттик Орус-Славян университетинин юриспруденция факультетин бүтүргөн.
Анын карьерасы 1984-жылы башталган. Дал ошол жылы Юрмала шаарында эл аралык турнир болуп, ошол жерден салмагы боюнча таймашып 1-орунга жетишкен. Ал Кыргыз Республикасынын мыкты балбаны болуп саналат. Көптөгөн баш байгелердин ээси болуп, Даңк медалы менен сыйланган. Андан тышкары Улуттук олимпиадалык комитеттин төш белгисин, Ардак грамоталарынын ээси. Раатбек Санатбаев Хиросима жана Бангкок шаарларында өткөн Азия оюндары боюнча күмүш медалдын ээси. 1998-1999-жылдары FILA рейтинги боюнча планетанын үчилтигине кирген.