9-майда Бишкек шаарынын айрым көчөлөрүндө жол кыймылына чектөө киргизилет. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматы кабарлайт.
Маалыматка ылайык, бул ошол күнү уюштурула турган "Өлбөс полк" жүрүшүнө байланыштуу.
Жабыла турган жолдор:
- Байтик баатыр (жана Абдрахманов) көчөсүнүн Токомбаев көчөсүнөн Фрунзе көчөсүнө чейинки бөлүгү;
- Орозбеков көчөсүнүн Фрунзеден Чүйгө чейинки бөлүгү;
- Раззаков көчөсүнүн Фрунзеден Чүйгө чейинки бөлүгү;
- Чүй кең көчөсүнүн Орозбеков көчөсүнөн Абдрахманов көчөсүнө чейинки бөлүгү;
- Фрунзе көчөсүнүн Абдрахманов көчөсүнөн Ибраимов көчөсүнө чейинки бөлүгү;
- Шопоков көчөсүнүн Чүй кең көчөсүнөн Фрунзеге чейинки бөлүгү;
- Ибраимов көчөсүнүн Чүй кең көчөсүнөн Фрунзеге чейинки бөлүгү.