Түштүк Кореяда өтүп жаткан "Достук" фестивалында кыргыздын баалуулуктары, тамак-ашы көргөзмөгө коюлду
Бүгүн, 7-майда Түштүк Кореянын Сеул шаарында "Достук" фестивалы өтүп жатат. Сеул мэриясы тарабынан уюштурулган фестивалга дүйнөнүн бир катар мамлекеттеринин өкүлдөрү катышып, өз маданиятын, улуттук даамдарын көрсөтүп жатышат.
SUPER.KG порталына Кореяда жашаган активист Нурсултан Алтыбаев билдиргендей, кыргыздын маданиятына тиешелүү баалуулуктар, даамдар көргөзмөгө коюлду.