Бүгүн, 7-майда Бишкекте Улуу Ата Мекендик согуштагы жеңиштин 71 жылдыгына карата "Эстелик шамы" акциясы уюштурулду. Мэриядан кабарлашкандай, 450 адамдан турган топтун салтанаттуу жүрүшү Абдрахманов жана Ахунбаев көчөлөрүнүн кесилишинен башталып, Д.Асанов атындагы "Жеңиш" багына чейин созулду. "Жеңиш" багында Бишкектин мектептеринин окуучулары шам жагып, эстелик алдына гүл коюшту.