9-11-май аралыгында кыргыз жеринде туруксуз аба ырайы сакталып турат: мезгил-мезгили менен жаан, бийик тоолуу райондордо кар, 9-майда күндүз, 10-майда жана 11-майда түнкүсүн кээ бир райондордо жаан-чачын катуу жаайт. Кээ бир райондордо батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 17-22 метрге жетери күтүлөт. Бул тууралуу бүгүн, 7-майда ӨКМнын басма сөз кызматы кабарлады.
Маалыматка ылайык, 10-майда көпчүлүк аймактарда абанын күндүзгү температурасы 8...10° градуска чейин төмөндөп, Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын дыйканчылык аймактарында 13…18°, Ысык-Көл, Нарын облустарынын дыйканчылык аймактарында 10…15°, тоолуу райондордо 0…5° жылуу, бийик тоолуу райондордо 0…5° суук болору күтүлөт.
Мындай туруктуу эмес аба ырайы айыл чарба иштерин, автоунаа, энергетика жана коммуналдык кызматтардын ишин жана жайыттарда малды кармоону кыйындатат.
7-11-майында күтүлүп жаткан нөшөрлүү жаан-чачынга байланыштуу республиканын тоолуу жана тоо этектериндеги райондордо сел жүрүшү мүмкүн.