МЕДИА-ПОРТАЛ: “Досума” ырынын клибин тартып жатканда көзүмө пияз сүртүшкөндө да ыйлай албай койгом" дейт Султан Садыралиев

Шоу-бизнеске жаштар агылып, жаңы жазылган ырлардын саны, клиптердин саны артып турган кезде тартылган клиптердин катарында Султан Садыралиевдин "Досума" ырынын клиби бар. Клипти тартууга 2007-жылы 1,5 доллар сарпталган.

Султан Садыралиев "Супер-Инфо" гезитине берген маектеринин биринде төмөнкүлөргө токтолгон: "Клипте кызды төрөтканага алып бара жатканда халат менен тапичке кийгизип, курсагына бирдемелерди тыгып, “боюнда бар” кылып койгонбуз. Ошентип төрөткананын жанында турса, биздин клип тартып жатканыбызды билбеген дарыгерлер кызды “Жылуу кийин, эмне бул жерде турасың?” деп урушуп киришти. Анан биз түшүндүрсөк каткырышкан. Ыйлай турган жерине келгенде бир топ кыйналдым. Эркек болгондон кийин оңой менен ыйлай албайсың да. “Ыйлай албайм” десем көзүмө пияз сүртүштү эле, анда да жаш чыкпай койду. Акыры клип үчүн өзүмдү кыйнап жатып эптеп ыйладым. Кыскасы, клип тарткан үч күндө Чоң Чүй каналынын жээгинде элге бекер шоу өткөрдүк окшойт".

“Досума” ырынын клибин бул жактан көрүнүз.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (8)
Jazim93
2016-05-07 17:54:06
Ушул ырчыны абдан сыйлаймда.
+6
kyrgyzka96
2016-05-07 19:52:14
Мен суйгон ырчым го! Талантынызга таазим!
+1
altyn2015
2016-05-07 20:33:52
Ушул клип жагат. Азаматсын!
+3
Alixan-Nookat.2015
2016-05-07 20:58:42
Ырды берилип аткарат уну жакшы
+1
Izdeim_seni.
2016-05-07 22:21:38
Атасы кыргыз болсо да озун казакмын дегени учун жакпааааааайт.
-1
nargis
2016-05-08 01:49:21
Учурунда аябай хит болгон эле он жылга артка барып келдим окшойт.
0
ruslanz
2016-05-08 08:59:42
терминатор го, кинодо баладан сурайт эмеспи силер эмне учун ыйлай-нар деп. Казак болсо казакмын дейт да. кызык.
0
Мэри
2016-05-09 00:52:17
Жаңылбасам, Султан кыргызмын деп эле келатат, апасы казак экенин айтып.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан