Токтогул суу сактагычынан мыйзамсыз жол менен балык кармаган жаран Экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциянын кызматкерин сабап салды. Бул тууралуу аталган инспекциядан кабарлашты.
Маалыматка ылайык, 6-майда белгисиз жаран эндемикалык балыктардын түрүнө кирген 60 даана форель, 90 даана карась жана 1 даана толстолобик балыктарын кармап, сатууга алып келе жаткан. Балыктарды Токтогул суу сактагычынан кармап келе жаткан жаран Токтогул шаарында, Азаке көчөсү менен Токтогул көчөсүнүн кесилишинде Токтогул райондук инспекторлоруна кармалган. Аталган жаран инспекторлорго каршылык көрсөтүп, коомдук инспектор А.Абдишовдун денесине оор залака келтирген. Жабыр тарткан инспектор учурда Токтогул аймактык ооруканасына жаткырылган. Андан сырткары айдап жүргөн автоунаага да зыян келтирилген.
Учурда Махабат Атамурзаева аттуу жаранга жогоруда көрсөтүлгөн укук бузуулар боюнча материалдар укук коргоо жана сот органдарына даярдалууда. Мыйзамсыз кармалган балыктар боюнча келтирилген зыяндар Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 3-майындагы №224-токтомунда көрсөтүлгөн такса боюнча эсептегенде, жалпы сумма 148 975 сомду түзөт.
Ысык-Көл форели - 1*2020*60=121 200 сом
Толстолобик - 1*505=505 сом
Карась - 1*303*90=27 270 сом