Бишкек шаарынын мурунку мэри Нариман Түлеев 4 жылдан кийин эркиндикке чыкты

Бүгүн, 7-майда Бишкек шаарынын мурунку мэри, Жогорку Кеңештин экс-депутаты Нариман Түлеев 4 жылдан кийин эркиндикке чыкты. Бул тууралуу SUPER.KG порталына КРнын Өкмөтүнө караштуу Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынан билдиришти.

Анын иши эки ирет мунапыска дал келип, Түлеев сот тарабынан коюлган айыпты (келтирилген чыгымды) толугу менен төлөгөн соң эркиндикке чыкты.

Кошумчалай кетсек, Түлеев 2013-жылы коррупциялык иштер боюнча айыпталып, 11 жылга эркинен ажыратылган. Мындай чечимди Бишкектин Ленин райондук соту чыгарган.

Экс-мэрдин үй-мүлкү конфискацияланып, өзү күчөтүлгөн тартипте жаза мөөнөтүн өтөмөй болгон. Ошондой эле Түлеев 3 жыл мамлекеттик кызматтарда иштөө мүмкүнчүлүгүнөн ажыратылган. Ал "2008-жылы мэр болуп турганда Кытайдан автобустарды алып келүү иштеринде мамлекетке ири көлөмдө зыян келтирген” деп айыпталып, 2012-жылдын октябрь айында камакка алынган. Ленин райондук сотунун чечимин жокко чыгаруу үчүн Нариман Түлеев шаардык сотко кайрылган, бирок 2014-жылы 23-декабрда шаардык сот райондук соттун чечимин күчүндө калтырып, өзгөртүү киргизген эмес. Ал эми 2015-жылы 21-январда Жогорку Кеңештеги "Ата Журт" фракциясынын депутаты Нариман Түлеев мөөнөтүнөн мурда мандатынан ажыратылган.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (45)
tashi62
2016-05-08 02:03:27
Президент жана бомж тасмасындагы үй офисс унаалар Түлеевге таандык экен ошолорду бекер берген экен ижара албай кыргыз киносу үчүн .
0
Nurbubu.kg
2016-05-08 02:05:47
Апамдарга тан каласын баары мактаса баары макташат баары жамандаса жамандашат шамал болбосо теректин учу кыймылдабайт Кыргызстанда жегичтер жок болсо бат эле онугот болчу тоок уурдап тушкондор до сих пор камакта билбейм бул киши кандай иштегенин Аллаах билуучуу мыйзам баарыбызга бирдей иштесе жакшы болмок
+4
Nurbubu.kg
2016-05-08 02:07:44
Адамдарга Апамдарга эмес кечиресиздер
-2
Rifle_3
2016-05-08 09:00:37
Nurbubu.kg,:) окуп түшүнө албай жаткам
0
begimai1989
2016-05-08 02:21:02
Эми шок болот же жок болот
0
AiBoru
2016-05-08 04:58:28
Акча бар экен да, Данчик менен Корпосов жейм деп, жей албаган 100миндеген долларларды кайсы эргул (АШАкебиз эмес болду бекееен?) жеди экен. 100миндеген эмес, андан да коп берди болуш керек?! Болбосо 100% чыкмак эмес!!! Убагында чогулткан акчасынын бир эле учун толоду да.
Жумуштун да майын чыгара катыра жасаган, анткени Наримандай эчбир МЭР корунуктуу иш жасаган эмес.
Жегенди да билген акылдуу киши экен
-1
bolotbai4
2016-05-08 07:49:49
Куттуктаймын Нарыке воляга чыгышын менен.Негизи давноо чыгышын керек эле уч торт автобустун пулу менен.АША кийинкисин ойлоду да,келерки жылы пенсияга тынч кетейин деп.Президент озу айткандай Акаев менен Бакиев келсе суйуном деди эле,эми келишсе жарашып алып иш кылышсын.Болбосо АША куудулдар айткандай 3 кг Озгон куручун даярдай бериш керек да,чет олкого барганда чогуу табакташ болуп жегенге.Негизи эле Нарыке куттуктайым чыгышынды.
+1
Kyialbek.a
2016-05-08 08:23:41
Кандай иштегенин билбейм бирок кыргыздар илгертеден эле жакшы иштеп козго корунуп калган адамдарга бут тосуп келген балким бул кишинин да тагдыры ушундай болду бийликтин амалыдыр саясии карьерасын сындырып оюндан чыгаруудур максаттары коруп атабыз азаматтар деп айта албайм, бирок калын журтта кадыр-баркы бар эргулдарды ар кандай амалдар менен саясаттан сурду мисалы Ташиев Келдибеков Сариевда ошолордун катарына кошулду Ошол эле Бабанов аттын устундо отурсада колунда камчысы жок
0
ruslanz
2016-05-08 08:40:40
Kyialbek.a, Ташиевдин тосмодон секирип тушконун туура дейсинби. Эл башында турган адам башкаларг улгу болушу керек. Келдибеков б-ча ак эмгек м-н ошончо байлык топтоо мумкунбу? мумкун мен туура эмес ойлоп жатам, сен айтып кор, мен ойумду озгортойун.
+1
Добрый
2016-05-08 10:26:24
Жакшы сабак алып чыкса керек эми иштесин нормально автобус жебей эл катарыле нан чай жеп ичип дегендей автобус темирда аш кылаалбай калды
0
aianaaiana
2016-05-08 12:08:03
Ар кимдин биринчи өзүнө инсап берсин.биздин чоңдордун баары ушинтип агарып чыксын оомин
0
Zarger59
2016-05-08 12:31:40
Азыркы мэр самолет жебейтат бекен,киминер билсенер айтып койсонор жакшы болмок.
-1
KGstan1981
2016-05-08 13:16:35
Эгемендуу Кырызстандын корунуктуу жана элдин арасында абройю бар мэрлер булар Оштун экс мэри Мелис Мырзакматов жана Бишкектин экс мэри Нариман Тулеев.
0
behappy74
2016-05-08 14:12:58
Кызыгын тушкур ушу жерде кээбирлери бар ХХХ окшойт да оз ойлорунда,Тулеев Ак эле,так эле, кыйын эле мен кубандым чыкканына деп деле ХХХ ХХХ ХХХ.Анын эмне жеп,эмне ичип атканын кайдан билесин,табагына аш салып берип жургонсуп суйлогондор бар деле.Ака ука болсон уйуно чакыр башын куттуктап анан макташа бергиле каалаганынардай.Бул жерге мактабай эле кой,жебесе кайдан тааптыр эсе жок акчаларды.Озун кой балдары жуз миндеген долларларды чачып журот но акча катары койбой.
0
admin_portal
2016-05-09 09:57:16
behappy74, эскертүү! ар бир колдонуучу өз оюн жазууга укуктуу!
0
ASELENOK
2016-05-08 17:59:55
Жеңиш күнүнө белек кылышыптыр да, куттуктайбыз
0
Shapak1979
2016-05-08 19:42:57
Мынчалык эмне калмакка куйосунор кыргызым.
+1
admin_portal
2016-05-09 09:57:19
aziziko, жеке билдирүүлөр купуя менен! Эскертүү!
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан