1888-жылы жарык көрүп, темир менен териден жасалган Куран китеби Кыргыз Республикасынын аймагынан табылды. Бул тууралуу бүгүн SUPER.KG порталына Эски китептер фестивалынын уюштуруучусу Юсуп Сайпиев билдирди.
"Эң кичинекей Куран китеби 30 парадан турат. 1888-жылы жарык көргөн. Курандын тышкы бөлүгү темир менен капталып, ички бөлүгү тери менен жабдылган. Китеп абдан кичине болгондуктан, аны лупа менен гана окууга болот. Көргөзмөгө коюлган эң кичинекей Куран китеби түрк элдерине таандык болуп чыкты. Кадамжай районунун Орозбеков айылындагы Паны деген аксакалдын чоң аталары пайдаланып жүрүшкөн. Ал киши өзүнүн неберелерине мурас катары калтырып кеткен экен. Учурда Куран китеби Бишкек шаарында сакталууда. Бүгүнкү Эски китептер фестивалында бул китеп өзүнүн өзгөчөлүгү менен катышуучулардын купулуна толду", - дейт Юсуп Сайпиев.