Бишкекте Улуу Жеңиш майрамы белгиленди (фото)

11:30. Бишкектин тургундары Жеңиш майрамына арналган концертке күбө болушууда. Ардагерлердин айрымдары үйлөрүнө тарашты, калгандары концерт көрүп отурушат. Быйылкы майрамдык иш-чара ушундай аяктады. Буга чейин айтылгандай, аскердик парад болгон жок. Ошентсе да ардагерлердин маанайлары жакшы, балдары, неберелери жетелеп майрамдатып жүрүшөт. Согуш жылдары өздөрү эңсеген тынчтык күндөр ушул...

11:11. Согуш кезиндеги автоунаалар, аскердик техникалар көргөзмөгө коюлган. Шаардыктар алардын жанында сүрөткө түшүп жатышат.

11:07. Майрамдык концерт тартууланып, согуш, тынчтык, эрдик тууралуу ырлар жаңырууда.

10:56. Ардагерлерге аскердик ботко берилип жатат. Алар дасторкон үстүндө согуш жылдарын көз алдыдан өткөрүшүүдө.

10:39. Бишкекте Улуу Ата Мекендик согуштагы жеңиштин 71 жылдыгына арналган иш-чаранын расмий бөлүгү аяктады. Атайын тигилген чатырларда эми ардагерлерге сый тамак, аскердик ботко жана "100 грамм" берилмекчи.

10:25. Мамлекет башчы согуш болуп жаткан жерлерден башка улуттардагы жүздөгөн адамдар кыргыз жергесине качып келишкенин белгиледи. "Бул жерде кыргыздар аларга камкордук көрсөтүп, жардам беришкен. Бүгүнкү күндө, тилекке каршы, скинхеддер баштарын көтөрүп жатышат. СССР жоюлгандан кийин өлкөбүздө экономиканы өнүктүрүү туура эмес жүргүзүлгөндүктөн жарандарыбыз Орусияда эмгектенүүгө мажбур. Алар орусиялыктардан сый-урмат көрүүгө укуктуу, бирок фашисттер, скинхеддер биздин жарандарыбызга терс мамиле жасашууда", - дейт президент.

10:18. Президент Алмазбек Атамбаев: "Улуу Жеңиштен бери канча жыл өтсө да ардагерлердин эрдиги унутулбайт. Фронтовиктин уулу катары ардагерлерге айтар элем: көп жашагыла, аталар, апалар. Азыркы тынчтык үчүн ардагерлер чоң салым кошушкан. Жаңы муун ардагерлер согушта кандай кыйынчылыктардан өткөнүн билбей баратат. Оор күндөрү фронттон алыс болсо дагы оорукта эмгектенген аксакалдар, апалар менен сыймыктанабыз".

10:05. Мамлекет жетекчилиги Өчпөс отко гүлчамбар койду.

09:49. Бишкекте жамгыр жаап жатат. Өчпөс оттун аянтын суу каптап, жумушчулар шыпырып жатышат.

09:30. Бүгүн, 9-майда Бишкектеги Өчпөс отто Улуу Ата Мекендик согуштагы жеңиштин 71 жылдыгына карата митинг-реквием башталууда. Иш-чарага президент Алмазбек Атамбаев, премьер-министр Сооронбай Жээнбеков, Жогорку Кеңештин депутаттары, өкмөт мүчөлөрү, шаар башкармалыгы, ардагерлер жана шаар тургундары катышмакчы.

Бишкекте Жеңиш майрамы
Бишкекте согуш ардагерлери эскерилүүдө
Улуу Жеңиштин 71 жылдыгы нөшөрлөгөн жамгыр алдында белгиленди
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (12)
sara90
2016-05-09 10:02:18
kaap mairam kunu jamgyr jaap eldin kyzygyysyn ketirip da ..Bizde kun chaiuttai achyk Rosiiyada..
+2
gulzar_gulu
2016-05-09 10:12:06
Майрамыңыздар менен! Былтыр да ушундай болгон. Жамгыр жаап ардагерлер жаанда калып.
+2
miraiymka
2016-05-09 11:07:14
100 грамм дегендери жакпай калды,эмне кылышат 100 грамын
+4
maks94.kb
2016-05-09 11:13:21
Быйыл озгоруш бар былтыр ардагерлерибиз жамгырда суу болгон эле
+1
Musabaeva.
2016-05-09 11:56:19
Парад болбосо жок дегенде дасторконун тузугуроок жасап беришсе болот элего, акчасы жоктой тим эле((нан менен эле 100грам уят уят.
+5
Aitpaaim
2016-05-09 12:09:23
Бай суйлоптур озу корунбойтко я.
Баарынардын женишмайрамынар менен!!!
0
saltanat.
2016-05-09 12:41:01
100 грамм)))))
0
saltanat.
2016-05-09 14:16:04
Парад эмнеге болгон жок?
0
narchaev
2016-05-09 15:22:20
100 гр уят эмес, бул нерсе Совет доорунан бери берилип келет, тарыхты окуш керек.
+1
messi_1987
2016-05-09 16:21:16
Тарыхда жазылган эмес 100 гр деп! оба убагында 100 гр берип давай перёт деп согушка айдаган аны ата бабаларыбьзда айтып келет бирок китепте жазылган эмес да! бирок чынын да уят кундон кунго согуш ардагерлер азайып жатышат! аларды жакшырак сыйлап койушса болмок!
-1
meder.aralbekov
2016-05-09 21:40:47
армейский тамаш аш менен эстетип койолу деди да
+1
ayildik_kiz
2016-05-09 22:02:59
Озгон районунун ардагерлерин укмуш сыйлашты ресторанда, азаматсынар бир кун болсо да эстеп койгонунарга.
+2
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан