
Кыргыз Республикасынын жашоочулары бүгүн, 9-майда Улуу Ата Мекендик согуштагы жеңиштин 71 жылдыгын белгилеп жатышат. Кандуу алааматта Ата Мекендин бүтүндүгү, элдин бейпилдиги жана келечеги үчүн жан аябай салгылашып урпактарга жеңиш тартуулаган
ата-бабалардын эрдиги даңазаланууга тийиш. Алардын баскан жолу бейпил турмушта жашаган муунга чыныгы кайратмандыктын, мекенчилдиктин үлгүсү. Фашисттик Германиянын мизин кайтарган баатырлардын катары жыл сайын суюлуп барат. Аларды көзү тирүүсүндө барктап, баалап, камкордук көрүүгө милдеттүүбүз. Эч ким, эч нерсе унутулбайт!
SUPER.KG порталынын эмгек жамааты белгилүү телеалпаруучулар Нурзат Токтосунова, Чыңгыз Мырзаев, Жогорку Кеңештин депутаты Жанар Акаев жана ырчы Аяна Касымова менен бирге Улуу Ата Мекендик согуштун ардагерлерин, жалпы кыргыз элин Улуу Жеңиштин 71 жылдыгы менен чын жүрөктөн куттуктап, ачык асман, чың ден соолук, жакшылык, узак өмүр, ийгилик каалайт.
Темиркул Үмөталиев
"Түбөлүк оттой"
Кеттиң эле майданга ушул жерден,
Кубат коюп атыңды, өмүр берген.
Кайсы тоонун бүркүтү дебедиби,
Кызыл кыргын чабуулда сени көргөн!
Күйгүзүүчү чок болуп чачылгансың,
Каарданган жолборстой качыргансың.
Баатырсынган фашисттин башын жулган,
Жазайылдын огундай атылгансың!
Курбалдашым согушка бирге кирген,
Тозок отун бир кечип, бирге жүргөн.
Карап турган ажыдаардан жалтанбастан,
Найза сунуп качырган, кайра сүргөн!
Кубанычбек Маликов
“Келген жок”
Атасы кеткен бирөөнүн,
Айылына кайра келбеди.
Бешикте калган баласын,
Бир жолу, чиркин, көрбөдү.
Баласы кеткен бирөөнүн,
Жадырап кайра келген жок.
Жайкалган аппак сакалдуу,
Атасы уулун көргөн жок.
Бүкчүңдөп уулум келет деп,
Сары май каткан энеси.
Жол карай караан көрө албай,
Суугандай болду денеси.
Эстейли атын ар качан,
Майдандан келбей калгандын.
Эл үчүн болот эр курман,
Элеси ушул армандын.
Сооронбай Жусуев
"Согуш"
Согуш, согуш, көргөм суук түрүңдү,
Согуш, согуш, уккам заар үнүңдү.
Сенден канча кооз шаар бүлүндү,
Сан гүл соолуп, сан мөмөлөр күбүлдү.
Эсеп жеткис өмүрлөрдү кыйдың сен,
Эсеп жеткис адам үнүн тыйдың сен.
Себепкери болдуң тоодой кайгынын,
Селдей аккан көз жаш менен ыйдын сен.
Каза кылып уулдарын сүйүктүү,
Канча энеге сен тарттырдың күйүттү.
Нечен көздүн жаркын нурун өчүрүп,
Жерге көмдүң нечен таттуу үмүттү.
"Жеңиш"
Келдиң, Жеңиш, эрдик, даңктан жаралып,
Жерди арылтып дары жыттан, түтүндөн.
Куш сайрады, дарак желге таранып,
Гүл жайнады, Жеңиш, сенин күчүңдөн.
Сенин баркың канын төккөн эл билет,
Нурга бөлөп бейпил, кутман жер үстүн.
Чоктой кызыл байрак болуп желбиреп,
Жадырай бер жылдан-жылга, Жеңиш күн!