МЕДИА-ПОРТАЛ: "Күн балдары" ырынын клибинен кыргыздын өтө байыркы эл экенин байкоого болот. "Күн" - бул кыргыздардын байыркы аталышы" дейт ырчы Батма Султанова
"Медиа-портал" бөлүмүндө өзгөчө, кызыктуу тартылган клиптердин бири - Батма Султанованын "Күн балдары" ырынын клиби. Ырчы клиптин идеясы тууралуу буларга токтолду:
"Клиптеги идея, ой түшүнгөн адамга өтө терең жана кенен. "Күн" деген аталыш - бул кыргыздардын байыркы аталышы. Күн, булут, усун, кырк ууз, кырк кыз, анан кыргыз болуп өзгөргөн. Клиптен кыргыздын сырдуулугун, өзгөчөлүгүн, өтө байыркы эл экендигин жана кыргыз эли көзгө көрүнбөгөн дүйнө менен дайыма байланышта болуп, аяр мамиледе болгонун да байкоого болот. Анан да клип кыргыздын "Кара жорго" бийинин жарыкка чыгуусуна, кайра жаралып, жандануусуна чоң себепкер болгон. Чыгарма биз, түрк тилдүү элдерге, деги эле жалпы адамзатка болгон чакырык. Анткени дүйнө элинин башаты - кыргыз. Улутуна, динине, расасына карабай биригүүгө убакыт келди... Бул ошондой дух, демдеги өтө чоң вазийпасы бар чыгарма".