Бүгүн, 9-майда Улуу Жеңиштин 71 жылдыгына карата "Өлбөс полк" жүрүшү өтүп жатат. Акциянын катышуучулары сапарын Түштүк дарбазадан баштап, Жусуп Абдрахманов көчөсү аркылуу Фрунзе көчөсүнө чейин түшүп келип, "Жеңиш" аянтындагы Өчпөс отко багыт алышты. Аларды патрулдук милициянын, "Тез жардам" кызматынын унаалары жандап баратышат.
Аталган акция Бишкекте быйыл 3-ирет уюштурулуп жатат. Алгачкы жолу уюштурулганда акцияга миңдей адам катышкан. Былтыркы акциянын катышуучуларынын саны арткан. Бул жолу болсо нөшөрлөп жааган жамгырга карабай катышуучулардын саны 10 миңден ашты. Уюштуруучулар 5 миң адам катышат деп пландашкан.
Бишкек мэриясы Улуу Ата Мекендик согушта курман болгондордун каармандыгын даңазалоо үчүн шаардыктардын ичинен каалоочуларды катарга чакырган.