Ала-Бука районунда Улуу Жеңиш майрамы белгиленип жатат

Ала-Бука районунда Улуу Жеңиш майрамы белгиленип жатат. Бул тууралуу Ала-Бука районунун башчысынын орун басары Калчабү Үсөнбаева бүгүн SUPER.KG порталына билдирди.

"Салтанатка согуштун жана ооруктун ардагерлери чакырылган. Алгач конокторго аскердик жашоону эскерткен аскердик тамак-аш тартууланды. Иш-чаранын жүрүшүндө куран окулуп, согуштан кайтпай калган аталар эскерилди. Аталарга таазим кылып Өчпөс отко гүлчамбарлар коюлду. Борбордук аянтта согуш ардагерлерин, район тургундарын аким Сонунбек Акпаралиев куттуктады", - деп билдирет К.Үсөнбаева.

Майрамдык салтанат аскердик жөө жүрүш менен улантылды.

Ала-Бука районунан кан майданга 3421 жоокер аттанган. Алардын ичинен 2305 жоокер согуш учурунда курман болсо, калган 1116 жоокер кайтып келген.

Бүгүнкү күндө Ала-Бука району боюнча 10 согуштун катышуучусу, 15 ооруктун ардагери бар.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (3)
aziza.2110
2016-05-09 14:28:57
Менин кичи мекеним.Сагындым сени.Ушул кунго жеткизген чон аталарыбызга таазим!
0
aziza.2110
2016-05-09 14:29:30
Эмне учун билдируу кетпей жт?
0
admin_portal
2016-05-09 14:33:21
aziza.2110, саламатсызбы!
Сиздин билдирүүңүз жарыяланып турат.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан