Москва шаарында Кызыл аянтта аскердик парадга катышчу аскерлердин жана аскердик техниканын саны былтыркыга салыштырмалуу азыраак болот. Бул тууралуу Орусиянын Коргоо министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, иш-чара Москва убактысы боюнча саат 10:00дө (Бишкек убактысы боюнча саат 13:00дө) башталат. "Аскердик парадга 10 миң адам катышат, 135 даана аскердик техника жана 71 учуучу аппарат көрсөтүлөт. Парадды Орусиянын коргоо министри Сергей Шойгу кабыл алат. 2015-жылы Улуу Жеңиш күнүнө карата өткөн парадда 16 миң аскер кызматкери, 193 даана аскердик техника болгон", - деп айтылат маалыматта.