ЭЛДИК ВИДЕО: Совет мезгилиндеги атактуу диктор Юрий Левитандын Улуу Жеңишти кабарлаганы

SUPER.KG порталынын "Элдик видео" бөлүмүнө “Левитандын Улуу Жеңишти кабарлаганы” аттуу видео жүктөлдү (ник: Gupa).

9-Май - совет элинин улуу жана ыйык майрамы. Бул күнү 1941-1945-жылдары болгон эң оор, эң кайгылуу, эң көп жоготууга алып келген Улуу Ата Мекендик согуш аяктаган. Бул согушта совет эли 27 миллион адамынан ажыраган. Ошол эле замат И.Сталиндин жарлыгы менен 9-Май - Жеңиш күнү деп жарыяланып, эртең менен саат 6:00дө бул жарлыкты радио аркылуу атактуу диктор Юрий Левитан бүт совет элине жарыя кылган.

Белгилей кетсек, Юрий Левитан СССРдин көрүнүктүү диктору болгон. Ал 1941-1945-жылдардагы Улуу Ата Мекендик согуштагы окуяларды, жаңылыкты радио аркылуу бүт СССРге жарыя кылып турган.

Видеону көрүү үчүн шилтеме.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан