Ноокенде Эргеш Алиевдин айкели орнотулду

Жалал-Абад облусунун Ноокен районундагы Эргеш Алиев атындагы мектепте Кыргыз Республикасында биринчи болуп милициянын генерал-майору наамын алган Эргеш Алиевдин айкели орнотулду. Бул тууралуу бүгүн, 9-майда Жалал-Абад облустук милициясынан билдиришти.

"Ноокен районунун Массы айыл өкмөтүндөгү Сакалды айылында Эргеш Алиевдин 110 жылдык мааракесине карата анын эстелигинин ачылышы өттү. Иш-чарага ички иштер министринин биринчи орун басары Нурбай Касымалиев, Жалал-Абад облусунун башчысынын орун басары Бакыт Анаркулов жана аталган айылдын тургундары катышты", - деп айтылат маалыматта.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан