Бүгүн, 9-майда Москва шаарындагы Кызыл аянтта Улуу Ата Мекендик согуштагы Улуу Жеңиштин 71 жылдыгына карата аскердик парад өттү. Ага Орусиянын армиясынын ар кандай аскер бөлүктөрүнүн 10 миңден ашуун аскер кызматкери катышты. Мындан тышкары 135 даана аскердик техника көрсөтүлүп, Кремлдин үстүнөн 71 учак жана тик учак учуп өттү.
Анын жүрүшүндө Орусиянын президенти Владимир Путин ардагерлерге куттуктоо сөздөрүн айтты. "9-Май - бул мамлекеттик жана жеке үй-бүлөлүк майрам. Бул күн Орусиянын жана анын элинин ыйык биримдигинин символуна айланды. Биздин күчүбүз, намысыбыз жана ишенимибиз биримдикте жана мекенди сүйүүдө",- деди Путин.
Айта кетсек, 2015-жылы Улуу Жеңиш күнүнө карата өткөн парадда 16 миң аскер кызматкери, 193 даана аскердик техника болгон.