Бүгүн, 9-майда Нарын шаарында согуш ардагерлеринин катышуусунда Улуу Жеңиштин 71 жылдыгы белгиленди. Салтанаттуу иш-чара алгач Нарын шаарынын башкы көчөсүнөн «Өчпөс полк» жөө жүрүшү менен башталып, андан соң «Тянь-Шань» сейил багында согушта курман болгондорго гүл коюлуп, аларга куран окулду.
Муну менен катар Нарын облустук администрациясынын башчысы, шаардык бийлик өкүлдөрү согуш ардагерлерин куттуктап, алардын эрдигине токтолушту. Ал эми Улуу Жеңиш күнүн белгилөөнүн жыйынтыгында ардагерлерге атайын концерттик программа тартууланып, адатка айланган аскердик ботко берилди.