МЕДИА-ПОРТАЛ: "Той-той" ырынын клибин кыйынчылык кезде жалаӊ бадыраӊ, помидор менен түштөнүп жатып тартып бүткөнбүз" дейт Кубик Калыков

"Медиа-портал" бөлүмүндөгү кызыктуу, учурунда хит болгон клиптердин бири - Кубик Калыковдун "Той-той" ырынын клиби. Ырчы клип тууралуу буларга токтолду:

"Бул ырдын клиби мен өз алдынча башка долбоорлор менен иштеп баштаган кезде, 1999-жылы тартылган. Мыктыбек Арстанбектин колдоосу, күчү менен менин көп клиптерим тартылып калды. "Той-той" ырынын клибин да ал тарткан. Ал учурда менде акча да, кыскасы, эч нерсем жок убак эле. Досум Мыктыбек "кел, ырларыӊа клип тарталы, акчасын кийин концерт койгондо берерсиӊ" деп клип тартууну баштаган. Клипке керектүү кийимдерди КТРдин студиясынан таптык. Анан ар улуттун кыздары керек болчу. "Шаттык" бий тобунун эки кызын, жаныбыздагы тигүү цехинде иштеген дунганга окшош кызды алып, унаама салып тоо жактан клип тартып келгенбиз.

Азыр эстесем, ошол учурда жалаӊ бадыраӊ, помидор менен түштөнүп жатып эле клипти бир күндө тартып бүткөн экенбиз. Чындап мээнет кылсаӊ, мээнетиӊ кайтат деген чын болсо керек. Ыр, ырдын клибин эл жакшы кабыл алды. Ошол жылы күзүндө аншлаг менен 5 күн концерт берип, Мыктыбек Арстанбекке клиптин акысын төлөп бергем".

Кубик Калыковдун "Той-той" ырынын клибин бул жерден көрүӊүз.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
Aruwka.89
2016-05-09 23:47:57
Кезинде хит болгон соонун ыр, менин бир таекемдин баласы ушул ырды ырдап уктаткыла дейт еле))))))
0
zamir-bek
2016-05-10 19:39:40
Койгулачы ушул да ырбы.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан