8-майда Швеция өлкөсүнүн Стокгольм шаарында "Евровидение-2016" ырлар сынагынын салтанаттуу расмий ачылышы болуп өттү. Аземде аталган шаардын мэри Карин Ваннгорд чыгып сөз сүйлөп, сынактын расмий башталышына старт берди. Ошондой эле бул кечеде "Евровидение-2015" сынагынын жеңүүчүсү Монс Сельмерлёв өзүнүн "Heroes" чыгармасын аткарды. Адатка айлангандай, сынактын ачылыш аземинде катышуучулар кызыл килем үстүнөн өтүштү.
Белгилей кетсек, бул жылдагы сынакка 42 өлкөдөн келген таланттар катышат. 10-майда жана 12-майда жарым финал өтсө, сынактын финалы 14-майда болуп өтөт.
Эске салсак, бул жылы "Turkvizyon-2015" Эл аралык сынагында биринчи орунду алган мекендешибиз Жийдеш Идирисова кыргыз өлкөсүнүн атынан "Евровидение" сынагында калыстык кылды.