SUPER.KG порталынын "Суперстан" бөлүмүндө "Чындык чын эле чычалатабы?" деген тема талкууга алынды.
Темадагы билдирүүлөрдөн:
"Мага карата айтылган сын чын болсо, жаман адатымды оңдогонго аракет кылам, бирок кээ бирөөлөргө - өздөрүнүн башындагы төөнү көрбөй, бирөөнүн башындагы чөптү көргөндөргө "ишиң канча, сен аралашпа, өзүм билем, сен кийгилишпе" деп тарс эле бетке айтам".
"Сын айтканды билсең айт же такыр эле сындаба! Жөн гана ошондой анекдот айтып берип кой, жеткен адамга ошол жетет".
"Сууну сиңген жерге куй".
"Жакшы сөз жан эргитет, жаман сөз жан кейитет. Ошондуктан адамдар бири-бирине сылык мамиле жасашса жакшы болмок. "Мен бетке айтар, бетке чабармын" дебей, бир аз адамдын көңүлүнө да карап коюш керек".
"Сынчынын сыңар өтүгү майрык" дегендей, кээ бирөө жөндөн-жөн эле өзүнүн башындагы төөнү көрбөй, бирөөнүн башындагы чөптү көрүп сүйлөй беришет".
Талкууга кошулгуңуз келсе, бул жакка кириңиз.