SUPER.KG порталынын "Элдик видео" бөлүмүнө “Оозду ачырган эксперимент” аттуу видео жүктөлдү (ник: Gupa).
"Адамга эӊ кыйыны - күн сайын адам болуу" деп улуу жазуучу Чыӊгыз Айтматов айткандай, жашоодо кандай кырдаал болбосун, адамдык жакшы сапаттарды сактап калуу ар бир эле адамдын колунан келе бербейт. Ал эми кезектеги видеодон кимдир бирөөнүн "кокусунан" түшүрүп алган арзыбаган тыйынын кымтып алууга шашкан жарандарды көрүүгө болот. Атайын тартылган эксперименттен көпчүлүк акчаны ээсине кайрып бермек тургай эптеп узап кетүүгө аракет кылып жаткандары байкалат. Эӊ соӊунда бир адам гана акчаны кайрып берет. Сиз бирөөнүн акчасы түшүп калганын көрүп калсаӊыз эмне кылмаксыз?..
Видеону көрүү үчүн шилтеме.