Бишкектин “Тазалык” муниципалдык ишканасына таштанды чыгаруучу 8 техника алынып келинди. Бул тууралуу 9-майда Бишкек шаардык мэриясынын басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, жалпысынан майдын аягына чейин 29 таштанды чыгаруучу техниканы алып келүү пландалууда. Аталган унаалар Европалык өнүгүү жана кайра калыбына келтирүү банкынын каражатына сатылып алынды.