SUPER.KG порталынын "Суперстан" бөлүмүндө "Эртең мененки будильник" деген тема талкууга алынууда.
Темадагы билдирүүлөрдөн:
"2-класста окуган карындашым - будильник. Таң ата электе келип, мен ойгонгуча тажатат".
"Өзүм жакшы көргөн ыр, музыканы будильникке койбойм, себеби кийин жаман көрүп, уккум келбей калат. Таң азанда уйкуңду бузуп жатса, кантип эле жаксын анан?"
"Будильнигимдин музыкасын эстегим да келбейт, эй!"
"Менин будильнигим - апам. Турбай койсом суу чачып ойготот. Өзүм эч эле тура албайм эртең менен. Намазга да уктап калам. А будильникти тоготпойм, жөн эле оң кулагымдан кирип, сол кулагымдан чыгып кетет".
"Будильник менден башкасын ойготот, бирок мени эмес".
Талкууга кошулгуңуз келсе, бул жакка кириңиз.